Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Нарында оппозициянын өкүлдөрүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн коркутуу менен чыгарып жатышат


“Ата Мекен”, “Ак Шумкар” партиялардын жергиликтүү координаторлору Жолдубай Сүйүнбаев, Адылбек Эсенбеков «Азаттыкка» маалымдашты. Алар Нарын районундагы 8-Март, Он-Арча айылдарында “Ата Мекен”, “Ак-Шумкар” партияларынан участкалык шайлоо комиссиясына кирген жарандарды айыл округ башчылары алдоо жана коркутуу жолдор менен мүчөлүктөн чыгартып жатышат деп билдиришүүдө. Нарын районундагы Ак-Кудук айыл округунун башчысы Нурлан Аманбеков аталган партиялардын мүчөлөрү эч кандай кысымы жок эле арыз жазып бергендиктерин айтат. Нарын райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дүйшөнбек Түмөнбаев эки күндө район боюнча шайлоо комиссиясына мүчө болуудан баш тарткандыгы тууралуу 17 адамдан арыз түшкөндүгүн билдирди. (KUs).

XS
SM
MD
LG