Оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин көчмө штабынын мүчөсү Сагынбек Момбековдун «Азаттыкка» билдиришинче, алардын Ош жергесиндеги жолугушууларында жергиликтүү бийлик дале ажылдак аялдарды, дежур чалдарды пайдаланууда. Мындай аракет Кара-Суу районунда жасалды, бирок Атамбаевдин жандоочулары жана тарапкерлери бей-жай сүйлөгөндөрдүн борбордук китепканадагы кездешүүнү үзгүлтүккө учуратуусуна жол беришкен жок. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеёиш Ашырбаевдин айтымында, аймактарды кыдырууда бардык талапкерлерге бирдей шарт жаратылган. Ал ошондой эле аймактык күч органдары оппозициялык маанайдагы лидерлерди куугунтуктоодо деген маалыматтарды четке какты. (ATo)
С. Момбеков: А. Атамбаевдин жолугушууларын ажылдак аялдар менен дежур чалдар бузууга аракет кылууда