Түштүк Кореяда иштеп жүргөн кыргыз жараны Сейитбек Бакишев «Азаттыкка» жазган катында иш маалында кырсыктап, колунун ортоңку манжасын станокко алдырып жибергенин, бирок ишкана ээлери ага компенсация төлөбөй жатканын жазыптыр. Сейитбек кырсыктагандан кийин ооруканага жатып дарыланып чыкты. Чыккандан кийин ал ишкана ээлеринен компенсация төлөтүп берүүгө жардамдашууну суранып, Кыргызстандын миграция кызматынын Түштүк Кореядагы өкүлү Капар аттуу жигитке кайрылган, бирок андан эч кандай жардам болгон эмес. Сейитбектин айтымында, Кыргызстандын миграция боюнча комитетинин жетекчиси Айгүл Рыскулова Түштүк Коряга бир нече жолу барган жана бул жактагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктары корголот деп убадасын берген экен. Бирок Сейитбек кырсыктагандан бери сегиз айдын жүзү болсо да ага компенсация алып берүүгө жардам боло элек. “Үйдө апам менин бул окуямды уккандан кийин санаа тарта берип, оорулуу болуп калганын бир туугандардан уктум. Мен болсо колумдун оорусу дагы эле басылбай сыздап, бирок чымырканып эптеп иштеп жүрөм. Айлам кетип сиздерге кат жолдоп отурам. Эгер ушул катты А. Рыскулова окуп калса, бир жыйынтык болобу деген үмүттөмүн. Мендей тагдырга кабылгандар, тилекке каршы, бул жакта көп болуп жатат”,-деп жазат Сейитбек Бакишев өзүнүн катында. (KCh)
Түштүк Кореяда иштеген кыргыз жараны иш убагында кырсыктап, компенсация ала албай жатканы жөнүндө арызданууда