Рамзан Кадыровдун билдиргенине караганда, ал коңшу республиканын аймагындагы согушкерлерге каршы күрөшүү боюнча тапшырманы Орусия президенти Дмитрий Медведевден алды. Мунун алдында ушул дүйшөмбү күнү ингуш президенти Юнус - Бек Евкуров автоунаа менен ишке келе жаткан жолунда жанкечти жасаган жардыруудан оор жарадар болгон эле. Ал учурда Москвадагы ооруканада жатат. Дарыгерлердин айтымында, абалы оор.
2007 –жылы президенттикке шайлангандан бери Рамзан Кадыровдун тактикасы Чеченстанга салыштырмалуу стабилдүүлүк алып келди. Адам укугу коргочу уюмдардын ырастоосунда, Кадыров салыштырмалуу тынчтыкка согушкер делген адамдарды уурдоо, кыйноо, алардын үйлөрүн өрттөө аркылуу жетишти.