Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:25

Жогорку Кеңеш транзиттик борбор боюнча келишимди 25-июнда карайт


Жогорку Кеңеш 25-июнда боло турган пленардык отурумунда кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтү 22-июнда жетишкен келишимди ратификациялоону карайт. 22-июндагы келишимде эки тарап Манас аба майданында жүктөрдү ташуу боюнча транзиттик борбор түзүүнү макулдашкан. Келишим тууралуу депутаттарга тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев маалымат берет. Белгилүү болгондой эки өкмөт жетишкен келишимди 23-июнда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери жактаган. Жаңы келишим боюнча америкалыктар Манастын ижара акысын 60 миллион доллар төлөйт. Ал эми жалпысынан Кыргызстанга келе турган акчанын суммасын 178 миллион доллар болоору белгиленген.(AiT)

XS
SM
MD
LG