Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:33

Жалал-Абадда антитеррордук операция соңуна чыкты


Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда, 23-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда антитеррордук операция соңуна чыгып, анын учурунда куралдуу каршылык көрсөткөн беш адам өлтүрүлдү. Алардын баары Өзбекстан Ислам Кыймылынын мүчөлөрү катары аталып, окуяга байланыштуу терроризм, мыйзамсыз куралдуу топторду уюштуруу беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Антитеррордук операция жүргүзүлгөн үйдөн беш автомат, “Муха” аттуу гранатомет, граната, тапанчалар, ок дарылар, жардыруучу заттар жана жардыруу ыкмалары жазылган инструкциялар, 10 кара түстөгү бет чүмбөт табылган. Операция учурунда УКМКнын бир жоокери набыт болуп, бирөөсү жарадар болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG