Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

ЖКнын комитети “Автомобилдик транспорт жөнүндө” мыйзамды күзгө калтырды


Парламенттеги өнөр жайды өнүктүрүү, соода, туризм, транспорт, курулуш комитети “Автомобилдик транспорт жөнүндөгү” мыйзам долбоорду 23-июнда талкуулап, анын жыйынтыгында мыйзамды күзүндө кароо чечимине келди. Күзгө чейин тегерек стол өткөрүү, талкууда айтылган сунуштарды изилдөө тапшырылды. Мыйзамда оң ролдуу автоунааларды такси катары пайдаланууга тыю салуу жагы каралган. Комитеттин жыйынында ошондой эле цементке баанын кымбатташына байланыштуу маселе да каралып, ал боюнча биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов маалымат берген. Ал цементтин баасынын өсүш себептерин иликтөө боюнча тармактар аралык комиссия түзүлгөнүн, Канттагы заводду толук кубатында иштетүү боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирген. Бул тууралуу бүгүн парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG