Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:53

Жогорку Кеңеш Петровка айылындагы окуя боюнча маалыматты угат


Чүй облусунун Петровка айылында 26-апрелде болгон баш-аламандыкты иликтөө үчүн парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын төрагасы Сергей Попов бүгүн “Ак жол” фракциясынын жыйынында окуя тууралуу маалымат берди. Эми ал 25-июнда парламенттин жыйынында доклады менен чыгат. Петровка окуясы боюнча жыйынга Жогорку Соттун төрагасы, Башкы прокурор, УКМКнын төрагасы, Ички иштер министри чакырылган. 26-апрелде Петровка айылында улуттар аралык жаңжал чыгып, жергиликтүү калктын өкүлдөрү күрттөрдү көчүрүп чыгаруу талабын койгон. Азыркы мезгилге карай 30га чукул күрт улутундагы адам көчүп кеткен.Жаңжал 4 жаштагы кызды зордуктоого байланыштуу чыккан. (AiT)

XS
SM
MD
LG