Нарын дубаны боюнча 164 шайлоо участкасына 1272 адам мүчөлүккө кабылданса, алардын 380 саясый партиялардан көрсөтүлгөндөр. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерин сунуштаган 13 партиянын арасынан "Ак Жол" партиясынан 100, «Кыргызстан Биримдиги» партиясынан 66, «Эл менен» партиясынан 65, «Жаңы Кыргызстан» партиясынан 50 адам мүчөлүккө кирген. Ал эми КСДПдан 9, «Ата Мекен» партиясынан 6, "Ак-Шумкардан» 4, «Улуу Биримдик» партиясынан 2 гана адам кабыл алынган. Коммунисттерден жана «Глас Народа» партиясынан бир дагы өкүл мүчөлүккө кирген эмес. Мындай маалыматтарды Нарын облустук шайлоо комиссиясы бүгүн «Азаттыкка» билдирди. (KUs).