Бул тууралуу талдоочу Марс Сариев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, ушу тапта өлкөдө бийликчил жана оппозициячыл саясий технологдор таймашы жүрүп, акыркысы чабалдык көрсөтүүдө. “Шайлоо кампаниясы кызыган бүгүнкү күнгө оппозиция аракетинде көп технология байкалбайт. Ага караганда бийлик мыкты технологияларды колдонуп жатат,” – дейт Сариев. Серепчинин пикирине ылайык, оппозициянын сырттан саясий технологдорду тартуу аракети үзгүлтүккө учураган. Бейрасмий маалыматтар боюнча оппозиция Казакстандан Марина Сабитова аттуу политтехнолог чакырып, бирок аны чек арадан токтотуп, өлкөгө киргизбей коюшкан. Ошондой эле оппозиция Украинадан чакырган саясий технологдор да Кыргызстанга кире алган эмес. Марс Сариевдин айтымында, бийлик шайлоонун алдында Орусиянын БШКдан технологиялар жаатында тажрыйба бөлүшүү үчүн атайын адамдар алып келгени тууралуу кабар бар. Мындан тышкары Украинадан Никтин аттуу саясий технолог да учурда Кыргызстанда бийлик пайдасы үчүн иштеп жатат деген каңшаар кеп бар. (EK)