Бул тууралуу билим берүү министри Абдылда Мусаев бүгүн Шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, 10-июлда жайкы сессия жыйынтыкталып, студенттер үйлөрүнө кайтышат. Буга байланыштуу студенттер окуган жери эмес, жашаган жери боюнча добуш беришмекчи. Бүгүнкү күнү Бишкектеги ЖОЖдор жатаканасында катталган 9 миң 382 студент да жашаган жери боюнча добуш берет. Ошондой эле Абдылда Мусаев бүгүнкү жыйында ЖОЖдордогу окуутучуулар курамы да эс алууга чыгышаарын белгиледи. Өкмөт башчы Игорь Чудинов минисрди студенттер арасында шайлоого карата түшүндүрүү иштерин дагы бир ирээт жүргүзүүгө милдеттендирди. (EK)