Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Шаардык сот "Учур" гезитине байланыштуу чечимди күчүндө калтырды


Бүгүн Бишкек шаардык соту “Учур” гезитинин арызын карап, район аралык соттун чечимин күчүндө калтырды. Бишкек шаарынын район аралык соту “Жаннат” мейманканасынын аталган гезитке карата доо арызын карап, басылма бетинде жарыяланган мейманкана тууралуу макаласы үчүн “Учурду” 3 млн. сом айыпка жыккан. Гезит мейманкана ээлерине 2 млн. сомду моралдык зыян үчүн, ал эми 1 млн.сомду материалдык чыгым үчүн төлөп берүүгө милдеттендирилген. Соттук териштирүүгө алып барган чуулгандуу макалада мейманкана шлакоблоктон курулганы белгиленген. Мейманкана ээлери бул чындыкка коошпойт деп, гезитке каршы доо арыз менен сотко кайрылган. “Учур”соттун бул чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотко каршы арыз менен кайрылган. Гезит ээлери басылмага карата мындай аракеттер өлкөдө сөз эркиндигин ооздуктоого багытталган саясий буйрутма болуп жатат деген божомолдорун келтирүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG