Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

Орусиянын президенти Африка өлкөлөрүн кыдырууда


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев бүгүн Нигерияга иш сапары менен барат. Бул – Орусия жетекчисинин Африка өлкөсүнө жасаган алгачкы сапары. Сапары маалында Дмитрий Медведев Нигериянын жетекчилиги менен жолугушат. Тараптар бир катар документтерге, алардын ичинде “Газпром” компаниясы менен Нигериянын улуттук мунай компаниясынын ортосундагы макулдашууга кол койгону жатышат. Макулдашууда Сахара чөлү аркылуу Европага чийки зат жеткирүү үчүн газ куурун куруу каралган. Нигериядан кийин Медведев иш сапары менен Намибия жана Анголага жол тартат.

XS
SM
MD
LG