Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Коммунисттер Транзиттик борбор келишими боюнча бир жыйынтыкка келе элек


Бул тууралуу парламенттеги Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак Масалиев "Азаттыкка" билдирди. Коммунисттер фракциясы бүгүн Транзиттик борбор боюнча келишимди талкууга алган эле. Депутат Исхак Масалиевдин билдиришинче, коммунисттер эртең тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев маалыматын уккандан кийин, келишим боюнча бир бүтүмүн айтат. Жогорку Кеңеш Транзиттик борбор боюнча келишимди эртең, 25-июнда караганы жатат. 22-июндагы келишимде кыргыз-америка тарап "Манас" аба майданында жүктөрдү ташуу боюнча транзиттик борбор түзүүнү макулдашкан. Жаңы келишим боюнча АКШ "Манастын" ижарасы үчүн 60 миллион доллар төлөмөкчү. (EK)

XS
SM
MD
LG