Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

Казакстан: интернетке көзөмөлдү күчөтө турган мыйзам кабыл алынды


Казак парламенти интернет ресурстарына көзөмөлдү күчөтө турган мыйзамды кабыл алды. Эгерде президент Нурсултан Назарбаев кол койчу болсо, анда бул мыйзам казак бийлигине жергиликтүү жана чет элдик интернет баракчаны токтотуп салууга жол ачат. Расмий Астана бул мыйзам интернетте тыюу салынган экстремисттик жана жаш балдарды бузган порнографиялык маалыматтардын жайылышына бөгөт койот деп ырастоодо. Укук коргоочулар болсо казак бийлиги сөз эркиндигин ооздуктап, өздөрүн сынга алган интернет баракчаны жабууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн далаалат кылууда деп айтышууда.

XS
SM
MD
LG