Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Ысык-Көлгө президенттик талапкерлерден биринчи болуп Темир Сариев келди


Президенттикке ат салышып жаткан “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев Ысык-Көлдөгү шайлоочулар менен жолгушуусун бүгүн Балыкчы шаарынан баштады. Ал базардын жанына чогулган 300дөй элге программасын тааныштырып, президент болуп калса 10, 30 жана 100 күн ичинде кандай багыттар менен иш алып бараарын айтты. Талапкер ошондой эле Сариевди түштүк калкы колдобойт деген божомолдун аныгына жетүү үчүн Ош, Баткен тарапты кыдырганда ал жалган болуп чыкканына көзү жеткенин айтып, БЭКтин мүчөлүгүнөн чыгып, президентикке талапкерлигин койгонун 2 жүйөө: “Ак шумкар” партиясынын лидери катары партиянын курултайынын чечимин аткаруу жана БЭКтен талапакер болгон Атамбаевдин программаларынын айрым багыттарына макул эместиги менен түшүндүрдү. (RB)
XS
SM
MD
LG