Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Белгилүү мамлекеттик ишмер Т.Кошоевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат


Аны акыркы сапарга узатуу тажыясы Опера жана балет театрында өткөрүлөт. Темирбек Кошоев 23-июнда 78 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал өмүрүнүн 30 жыл аралыгында Кыргызстан коммунисттери партиясынын борбордук комитетинде инструктор, Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы, Ош облусунун обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин президиумунун төрагасы, СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. Анын өлкөгө жана эл үчүн жасаган эмгектери өкмөт тарабынан жогору бааланып, бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Т.Кошоев 1931-жылы Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында туулган. (AJ)

XS
SM
MD
LG