Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

АКШнын Сенаты Пакистанга жардам көргөзүү боюнча мыйзамды жактырды


Мыйзамга ылайык, АКШнын Пакистанга көргөзүүчү жардамы көбөйтүлүп, алдыдагы беш жылда жылына 1,5 миллиард долларга чейин жетет. Документти мурдараак Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы жактырган. Президент Барак Обама кол койгонго чейин эми Конгресстин эки палатасы мыйзамдын мунаса долбоорун кабыл алуусу керек.

АКШ ажыратуучу акчанын эсебинен Пакистандын мектептери, сот системасы, парламенти, укук коргоо мекемелери каржыланат. Мындан сырткары Вашингтон Пакистан менен Ооганстандын чек ара аймактарында АКШга текстилди жана башка продукцияларды салыксыз экспорттой ала турган зоналарды колдоого алмакчы. Америкалык мыйзамгерлердин айтымында, алар ажыратылып жаткан акча Пакистан бийликтерине өлкөнүн стабилдүүлүгүнө коркунуч туудурган талиб согушкерлерин жеңүүгө жардам берет деп үмүттөнүшөт.

XS
SM
MD
LG