Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Алтынбек Сулаймановдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, 2006-жылы Кадамжай районуна террорчулардын чабуулу жасалганда Кыргызстандын беш жоокери каза тапкан. Хусан деген террорчу жок кылынган. Андан кийин УКМКнын кызматкерлери Хусандын эгизи Хасанды Бишкекте кармашкан. Бирок Кыргызстан соттору Хасандан 40 миң доллар алып бошотуп жиберишкен. 23-июнда Жалал-Абадда болгон окуяда куралдуу топтун жетекчиси мына ошол Хасан болгон. Жалал-Абаддагы кагылышууда УКМКнын жоокери Капар Маманов каза таап, дагы бир жоокер жарадар болду. Депутаттар бул маселе боюнча Жогорку Сотко кайрылып, иликтөө иштерин жүргүзүүнү талап кылышууда. Жогорку Соттон алынган маалыматка караганда Хасан Сулайманов 2007-жылы июнь айында Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан эки жылга көчүрмө колонияга кесилген экен. Бирок ал колониядан шарттуу түрдө эркиндикке чыгып кеткен. (AiT)