Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Иран Чоң сегиздин жыйынына чакырылганы менен ага келбейт


Чоң сегиздин тышкы иштер министрлеринин Италиянын Триесте шаарында бүгүн башталып жаткан жыйынына чакырылган Ирандын чакырыкка тоотпогон мамилесин көргөзүүсү Батыш менен Тегерандын алакасы кайра чыңалган учурга туш келип жатат. Чоң Сегиздин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу планы жок экендигин Ирандын тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Манучекир Моттаки билдирген.

Жакындагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп эсептеген демонстранттарга каршы Иран өкмөтүнүн күч колдонуусун Батыш өлкөлөрү айыптап чыккан эле. Ирандын Чоң сегиздин жыйынына чакырылуусун Ооганстан маселесин талкуулоо максатында Кошмо Штаттар колдогон.

Бул аралыкта Вашингтон Ирандын дипломаттарына АКШнын 4-июлда белгиленүүчү Көз карандысыздык күнүн майрамдого катышуусу үчүн жолдонгон чакырыктарды кайра артка алды. Ак үйдүн өкүлү Робберт Гибс бул чечимдин жүйөөсүн Иранда демонстранттарга күч колдонулуусунун натыйжасында бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылганына байланыштырды.

Ирандын диний көсөмү Аятолла Али Хаменейи кечээ азыркы президент Махмуд Ахмадинежад жеңип чыкты деп эсептелген президенттик шайлоонун жыйынтыгы өзгөртүлбөсүн билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, кечээ да Тегеранда, парламент имараты жанында шайлоо жыйынтыгына каршы нааразылык акциясына чогулгандарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ жана желим таяктарды колдонду.

XS
SM
MD
LG