Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Депутат Г.Султаналиева: өлкөдө 70-80 миң бала окубай калууда


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Гүлжамал Султаналиева мектеп жашындагы балдарды окутуу маселесин көтөрүп, ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча өлкөдө 70-80 миң бала окубай калып жатканын билдирди. “Балдарын мектепке берүү үчүн ата-энелер мектептерге 2 миң сомдон 20 миң сомго чейин , ошондой эле ай сайын 200 сомдон 500 сомго чейин акы төлөшөт. Мамлекеттик мектептер гимназия, лицейлерге айланып, билим берүүнүн жалпыга жеткиликтүүлүгү бузулууда”-, деп белгиледи депутат. Мындай шартта “Балдардын билим алууга укугу” боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Депутаттын мындай сөзү өкмөттүн парламенттеги өкүлү тарабынан жоопсуз калтырылды.(AiT)





XS
SM
MD
LG