Бириккен Элдик Кыймылдын талапкери Алмазбек Атамбаев бүгүн Баткен облусун кыдырууну баштайт. Ал буга чейин Жалал-Абад жана Ош облусунун шайлоочулары менен жолугушту. “Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариев көл кылаасын кыдырууну улантат. Ал эми “Ак жол” партиясынын талапкери, президент Курманбек Бакиев бүгүн мамлекеттик иштер менен алек болот. Ал 26-июнда Чүй облусунун батыш тарабын кыдырууга чыгат.(AiT)