24-июнда Москвада Кыргызстан менен Черногориянын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүү тууралуу протоколго кол коюлду. Кыргыз тараптан ага Россиядагы Кыргызстан элчиси Раимкул Аттокуров, экинчи тараптан Черногориянын Россиядагы элчиси Слободан Бацкович кол койгон. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.(AiT)