Кадырбек Сарбаевдин билдирүүсүнө караганда, экономикалык өнүктүрүү фондуна АКШ 20 миллион доллар бөлөт. Ал фонд аркылуу эки өлкө Ооганстанга Кыргызстандан кандай товар сатууга болоорун иликтейт жана Кыргызстан ишканаларын каржылайт. Бул маселелер боюнча сүйлөшүү үчүн жакын арада АКШдан делегация келет.(AiT)