Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

ИИМ “Ажал менен каерде соода кылышат” деген акция өткөрүүдө


Акция учурунда баңгизаттары менен соода кылгандар жана каерде соода болуп жатканы тууралуу маалымат берүү сунушталган. Акция 26-июнь Баңгичилик жана баңги бизнесине каршы Эл аралык күнгө карай өткөрүлүүдө. ИИМдин маалымдоосуна караганда, баңгизаттарын пайдалануу СПИД илдетинин жайылышы менен коштолууда. 2008-жылдын 1-январына карай Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган кишилер саны 1479 болсо, 2009-жылдын 1-январына карай 2075 кишиге жеткен. Алардын ичинен 1476 киши баңгизаттарын ийне менен пайдалангандар. Ал эми өлкөдө баңги катары каттоодо 9 миңден ашуун киши турат. Коркунучтуу илдетти жайылтууга салым кошкон, улуттун генофондун бузуп жаткан баңгичиликке каршы күрөшкө милиция калкты чакырып, баңгизаттарын саткан, пайдаланган, ташыган маалыматтар тууралуу Бишкек шаардык жана облустук милицияга кабарлоону сунушталган.(AiT)

XS
SM
MD
LG