Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Террорчу деп шектелип жаткан Хасан Сулайманов Аламүдүн районунда соттолгон


23-июнда Жалал-Абадда жок кылынгын беш адамдан турган куралдуу топтун башчысы Хасан Сулайманов Аламүдүн райондук сотунда соттолуп, шарттуу түрдө эркиндикке чыгарылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын соттор менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Жээналиев бүгүн билдирди. Анын айтымында, учурда маселе дыкат иликтенип жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бүгүн парламентте билдирүү менен чыгып, анда 2006-жылы Кадамжай районунда өлтүрүлгөн террорчу Хусан Сулаймановдун эгизи Хасан Сулайманов Бишкекте кармалып, бирок соттор андан 40 миң долларын алып бошотуп жибергенин билдирди. Башкы прокуратура бул окуяны учурда иликтеп жатат.(AiT)

XS
SM
MD
LG