Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:37

Өзгөндө БЭКтин өкүлдөрүн шайлоо комиссияларынын курамынан сүрүп чыгарышууда


Бул жөнүндө «Азаттыкка» СДПнын Өзгөн райондук төрагасы Алишер Бакышев кабарлады. Анын билдиришинче, участкалык шайлоо комиссияларына БЭКтин атынан «Ата Мекен» жана социал-демократтар партияларынын 149 мүчөсү сунуш этилген. Чүчү кулак кармагандан кийин алардын 44 бекиген. Бирок Бириккен Элдик кыймылдын өкүлдөрүн жергиликтүү бийлик үйүнө дейре барып коркутуп, участкалык шайлоо комиссияларынан чыгууга аргасыз кылууда. Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов Өзгөндө участкалык шайлоо комиссиясынын бир дагы мүчөсүнө кысымчылык көрсөтүлбөгөндүгүн белгилеп, оппозициялык партиянын жергиликтүү лидеринин айткандарын төгүндөдү.(ATo)

XS
SM
MD
LG