Делегациясынын башында турган тышкы иштер министринин орун басары Р.Казакбаев “Афганистандагы абалды жөнгө салуу жана коңшу өлкөлөрдүн ролу ”аттуу тематикалык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев сунуштаган “Бишкек демилгесинин” актуалдуулугун баса белгиледи. Анда Афганистандагы абалды жөнгөрүүнүн системалуу жана комплекстүү принциби камтылган. Ошондой эле Казакбаев “Манас” аэропортунда транзиттик борборду түзүү боюнча кыргыз-америка келишиминин ратификацияланганы тууралуу маалымат берди. Афганистандагы августта боло турган президенттик шайлоого карата Казакбаев афган адистерин байкоочу катары Кыргызстандын жакында боло турган шайлоосуна тажрыйба алмашууга чакырды,-деп билдирет Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы. (AzK)