Чоң Сегиздин тышкы иштер министрлери Иран өкмөтүн оппозициянын демонстрацияларын күч менен баскандыгы үчүн айыптамакчы болуп мунаса тапканга аракеттеништи. Италиянын Триесте шаарында башталган жыйындын көңүл чордонунда Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси болот деп пландалган эле. Жана Италия өкмөтү ага катышуу үчүн Иранды да чакырган. Бирок Батыштын катуу сынына кабылган Тегеран өкмөтү аны көңүл сыртында калтырды. Жума күнү Чоң Сегиздин кеңейтилген жыйынында Ооганстандагы тынчтык орнотуу аракеттери талкууланат. Атап айтканда, 40тай өлкөнүн жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү чегара коопсуздугу, наркоаткезчилик, качкындар жана азык-түлүк коопсузудугу өңдүү маселелерди кеп кылышмакчы