Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

НАТО Ооганстандын түштүгүндө талибдерге каршы чабуулду күчөтөт


Гилменд провинциясында жана Кандагар шаарында талибдерге каршы операция күчөтүлөрүн НАТОнун Ооганстандын түштүгүндөгү күчтөрүнүн командачысы, голланд генералы Март де Круиф билдирди. Ал Кандагардагы аскерий аба базадан журналисттер үчүн өткөргөн телеконференция учурунда белгилегендей, АКШнын аскерлеринин саны 20 миңге көбөйүшү менен командачылык демилгени согушкерлерден тартып алууга үмүттөнүүдө.

Генерал Круифтин эсебинде, Талибандын Ооганстандын түштүгүндөгү согушкерлеринин саны 10 миңден 18 миңге чейин.

Ал эми АКШ президенти Барак Обама кошумча жөнөткөн 21 миң жоокердин басымдуу бөлүгү Ооганстандын түштүгүнө жайгаштырылып, жалпы өлкө боюнча аларды саны 68 миңге жетти. АКШнын НАТО боюнча калган өнөктөштөрүнүн учурда Ооганстанда 32 миң жоокери бар.

XS
SM
MD
LG