Косовонун премьер-министри кызматында 2006-2008-жылдардын аралыгында иштеген Агим Чеку Сербия берген эл аралык ордерге ылайык кармалган. Болгар полицейлери аны шейшемби күнү Македониядан Болгарияга кирип жаткан жеринен камакка алган. Мындан соң Сербия Болгариядан Агим Чекуну өткөрүп берүүнү сураган, бирок болгар соту кечээ аны бошотту. Сербиянын бийликтери Агим Чеку Косовонун Боштондукка чыгаруу армиясынын колбашчысы болгон кезде сербдерге каршы аскерий кылмыштарды жасаган деп эсептейт.