ЖК төрагасы Айтибай Тагаевдин депутаттарга маалымдаганына караганда отурумга бүт бардык күч структураларынын, чек ара кызматынын жетекчилери, Жогорку соттук өкүлдөрү чакырылган. Жабык эшик артында депутаттар күч органдарынын жетекчилеринин маалыматын угуп, Жалал-Абаттагы куралдуу топтун жетекчиси Хасанды эркиндикке чыгарып жиберген соттун ишин талкууга алышмакчы.
23-июнь күнү Жалал-Абат шаарындагы Пахта көчөсүндө бугуп жатышкан террорчуларды кармоо үчүн УКМК атайын операция уюштурган. Согушчандардын каршылык көрсөтүүсүнөн улам ок атышуу болуп, натыйжада бир УКМК кызматкери каза таап, экинчиси оор жаракат алган. Ал эми террорчулардын баары каршылык көрсөткөн учурда жок кылынган. Кечээ ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов ошол куралдуу топтун жетекчиси Хасанды соттор 40 миң доллар пара алып, эркиндикке чыгарып жиберишкендигин парламентте маалымдаган.(ZKo)