Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

КР тышкы иштер министри Италияда


Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев ушул тапта Италиянын Триест шаарында өтүп жаткан “чоң сегиздин” тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышууда. Анда негизги маселелердин бири –Ооганстандагы жана ооган-пакистан чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу, бул аймактагы баңзатты өндүрүшүн жок кылуу, инфраструктураны жакшыртуу, айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташуу тууралуу кеп болмокчу.
Кыргызстан быйыл алгачкы жолу дүйнөнүн өнүккөн сегиз өлкөсүнүн тышкы иштер министрлеринин отурумуна чакырылып жатат. “Муну биздин өлкөнүн Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга жана террорчулук менен күрөшүүгө кылган аракеттеринин натыйжасы катары кароого болот,” деп маалымдайт КР тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG