Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү бүгүн парламент депутаттарына билдирди. “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегалы Наргозуевдин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча жабык эшик артында өткөн жыйында Жогорку Cоттун төрайымы Жаңыл Алиева Хасан Сулайманов прокуратура кызматкерлери тагып берген айып боюнча соттолгонун белгилеген. Буга ылайык 2006-жылы коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалган Хасан Сулаймановго алгач “террорчулукка тиешеси бар” деген айып тагылган, бирок тергөөнүн жүрүшүндө прокуратура “улуттар арасына от жагууга аракет кылгандыгы үчүн” деген айып тагып, сотко ашырган. Натыйжада Х. Сулаймановго жумшартылган жаза берилип, ал эки жылга колоние-поселениеге кесилген. Жогорку Cоттун төрайымы берген маалыматтан кийин Башкы прокуратуранын өкүлү бул иш боюнча көзөмөл органы да иликтөө жүргүзүүгө киришкенин билдирди, дейт Бегалы Наргозуев. Бүгүн ЖК 23-июнда болгон Жалал-Абат окуясында өлгөн террорчу Хасан Сулаймановдун эки жыл мурун эркиндикке чыгып кетишине байланыштуу маселени жабык эшик артында карады.(ZKo)
Хасан Сулаймановдун эркиндикке чыгып кетишине байланыштуу маселени прокуратура иликтөөгө алат