БЭКтин штабынан “Азаттыкка” билдиришкенине караганда бириккен оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев бүгүн Баткендин Лейлек районун кыдырып жүрөт. Ал түшкө чейин райондогу Катыраң айлындагы шайлоочулары менен жолугушту, учурда райондун борбору Исфана шаарында жергиликтүү элге өзүнүн президенттик программасы тууралуу айтып берүүдө. Ал эми “Ак шумкар” саясий партиясынын лидери, президенттикке талапкер Темир Сариев үч күндөн бери Ысык-Көлдүн күңгөйү менен тескейин кыдырып жүрөт. Кечээ Каракол шаарындагы, Түп районундагы шайлоочулар менен жолуккан талапкер бүгүн Тоң районун кыдырууда деп маалымдашты талапкердин шайлоо штабынан “Азаттыкка”.(ZKo)