Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Эртең Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында пикет болот


Бул тууралуу “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда пикет Ирандагы шайлоонун бурмаланышына нааразылыгын билдирип чыккан тынч элге күч колдонгон бийликтин аракетине нааразылык иретинде болот. “Иран бийлиги шайлоонун бурмаланганы үчүн да, андан кийин тынч митингге чыккан элге күч колдонгону үчүн бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун алдында жооп берүүгө тийиш,” деп белгиледи Төлөйкан Исмаилова. Анын кошумчалаганы боюнча пикетке “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунан тышкары бир катар бейөкмөт уюмдар катышмакчы.
12-июнь күнү Иранда президенттик шайлоо болуп, Ирандын ички иштер министри Садык Махсули Махмуд Ахмадинежад добуштардын 62,6 пайызын алып, президенттик шайлоону жеңди деп расмий жарыялаган. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон он миңдеген адамдар көчөгө чыгып, нааразылыгын билдирген. Өткөн ишемби күнү иран бийлиги аларга каршы күч колдонуп, натыйжада бир нече киши каза тапкан. Андан бери Иран бийлиги тарабынан жүздөгөн киши камакка алынды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG