Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Ноокат окуясында айыпталгандар кечирим суроого мажбурланып жатат


Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши билдирүү таратты. Алардын маалымдашынча, Ноокат окуясы боюнча айыпталып азыр Жалал-Абатта абакта отурган Разматулла Эрдошовду жана Музаффар Тешебаевди кечээ күнөөсүн мойнуна алып, мамлекеттен кечирим суроого мажбурлашкан. Экөө тең баш тарткандан кийин М. Тешебаевдин 18 жаштагы карындашына келип, “анын байкеси күнөөлүү экени айтылган, ушундан улам президенттен ырайым суроо” тууралуу катка кол коюну талап кылышкан. Бирок карындашы аткаруудан баш тарткан. Андан соң адвокат Дилбар Камчиева Р. Эрдошовдун үйүнө барып 70 жаштагы кат тааныбаган апасына мазмунун тааныштырбай туруп кечирим катка кол койдуруп алган. Р. Эрдошовдун жакындары апасынын сабатсыздыгынан улам бул кол коюлган документ далил боло албастыгын билдирип жатышат, деп айтылат укук коргоочулар тараткан билдирүүдө. Адвокат Дилбар Камчиева укук коргоочулардын мындай айыптары негизсиз экенин “Азаттыкка” билдирди. Р. Эрдошовдун үйүнө анын бир тууган эже-жездеси менен чогуу барып алардын өтүнүчү боюнча катка кол койдурганын айтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG