Облустагы адам укугун коргоочу уюмдун төрайымы Валентина Гриценко Жалал-Абаттагы кармоо жайына эл аралык кыйноолорго каршы күнгө байланыштуу барды. Ал аталган жайга кесиптештери менен элден чогултулган көркөм адабий китептерди тапшырганын билдирди. Уюмга кайрылган он киши облустагы убактылуу кармоо жайларында кыйноолорго туш болгонун маалымдап, укугун коргоону өтүнүшкөн. Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова үналгы- сыналгылардын коюлбагандыгы жана гезит жеткирилбегендиктен убактылуу кармалгандар жаңылыктардан кабарсыз калып, саясий укуктары чектелерин жана облуска тергөө жайы зарыл деген маселени көтөргөн. Жалал-Абат шаардык милициянын башчысы кыйноолор тууралуу маалыматты четке кагып, убактылуу абакканалар тергөө жайынын милдетин аткараарын билдирди. (YA)