Ысык-Көл облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Баттал Бозгөрпөевдин маалыматы боюнча 243 шайлоо участкасына 2183 мүчө бекиди.Анын 637 саясый партиялардан көрсөтүлгөн. “Ата Мекен”, ”СДПК, “Улуу Биримдик”, “Жашылдар” сыяктуу оппозициялык партиялардан жалпы 33 гана өкүл участкалык шайлоо комиссиясынын курамына кирди. Калган 604 “Ак Жол”, коммунисттер, ”Бирдиктүү Кыргызстан”, ”Эл менен” деген 10дон ашык партиянын өкүлдөрү. БЭКтин облустук штабы- комиссияга сунушталган мүчөлөрүнүн 30 пайызы бекиген менен алар да түрдүү шылтоолор менен четтетиле баштаганын билдирди. (RB)
Ысык-Көл облусунда оппозициялык партиялардан 33 өкүл участкалык шайлоо комиссиялардын курамына кирди