Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Алгачкы үгүт жумасы –талапкерлер эл менен жолугушууда


Мындай маалыматты “Таза шайлоо үчүн” деп аталган коомдук уюм таратты. Аталган уюмдун интернет баракчасында талапкерлер үгүт иштерин шайлоочулар менен жолугушуудан баштагандыгы, аларга УТРКдан бөлүнгөн эфир убактысынын жадыбалы жана башка маалыматтар берилет. Анда айрым оппозициялык партиялардан президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер менен жолугушууга эл аз санда келгендиги айтылып, ал эми азыркы президент, президенттикке талапкер Курманбек Бакиев менен жолугушууга бир нече миңдеген киши катышканы тууралуу маалымат берилген. “Таза шайлоо үчүн” коомдук уюму мындан ары да президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп, жума сайын отчеттук маалыматтарды берип турмакчы.
Белгилей кетүүчү нерсе президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин Таластагы шайлоочулар менен жолугушуусуна бюджеттик кызматкерлерди атайын иш күнүнөн бошотуп, жергиликтүү жетекчилер күчтөп алып келишкенин жыйындын айрым катышуучулары “Азаттыкка” билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG