Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

А. Атамбаев Лейлек районундагы жана Сүлүктү шаарындагы шайлоочулар менен жолугушту


Бириккен Элдик кыймылдын Баткен облустук штаб башчысы Бакир Имаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда Алмазбек Атамбаев менен жолугушуe үчүн Лейлек районун аймагында калк көп чогулду. Катран айылында эле минден ашуун шайлоочулар талапкер менен жолугушуп, суроолоруна жооп алышкан. Андан сырткары Исфана, Сүлүктү шаары жана Кулунду айылдарында да жолугушуулар болуп, жыйын өткөрүүгө эч кандай бут тосуулар болгон жок. Бириккен оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев эртен Баткен, Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүүсү болжолдонууда. (Jsa)

XS
SM
MD
LG