Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Иранда кырктай журналист абакка түштү


Журналисттерди коргоо комитетинин маалыматына ылайык, Иранда 12-июнда өткөн президенттик шайлоодон кийин болжол менен 40тай журналист камакка алынды. Комитет тараткан билдирүүдө оппозициянын лидери Мир Хосейин Мусавинин “Каламех Сабз” гезитинин 25 кызматкери да камалган. Шайлоодон кийинки нааразылык акцияларын чагылдырганы үчүн камакка алынган журналисттердин көбү ирандыктар болгону менен, алардын арасында чет өлкөлүк кабарчылар да бар. Маселен, “Вашингтон таймс” басылмасы үчүн иштеген бир грек журналист да убактылуу абакта отурат.

XS
SM
MD
LG