АКШ президенти Барак Обама расмий Тегеран Ирандагы 12-июндагы президенттик шайлоонун бурмалангандыгына нааразы болгон атуулдардын чыгууларын ырайымсыз түрдө жазалаганын бүгүн (26-июнда) кескин сынга алды. Ак Үйдө Германиянын канцлери Ангела Меркел айым менен жума күнү биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында президент Обама мындай деп айтты:
- Канцлер Меркел жана мен Ирандагы өз атуулдарына каршы зомбулук көрсөткөн соңку окуяларды эч кабыл алууга болбойт деп бирдей ишенебиз. Биз Иран өкмөтүн эл аралык принциптерди сактоого чакырабыз.
Саал мурдараак "Чоң Сегиздикке" кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери расмий Тегеранды Ирандагы зомбулук аракеттерди тез арада токтотууга жана шайлоо жыйынтыгы элдин чыныгы каалоосу чагылдырылгандай болушуна жетишүүгө чакырып билдирүү кабыл алган болчу. Бирок расмий Тегерандын өкүлү, эскичил диниятчылардын бири Ахмад Хатами, тескерисинче, нааразылык кылгандардын жетекчилерин эч айоосуз түрдө эң катаал жазага тартууга үндөдү. Ирандын Сакчылар кеңеши болсо 12-июндагы шайлоону 1979-жылдан берки доордогу "эң таза өнөктүк" катары баалап, олуттуу добуш бурмалоолор орун алган жок деп чыкты.
Добуш санак маалында учурдагы президент Махмуд Ахмадинежаддын пайдасына ири бурмалоолор болду деп нааразыланып Тегеранда жана башка шаарларда көчөгө чыккандар менен тартип коргоо күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулардан улам бери дегенде 20дай киши өмүрүнөн айрылганын Ирандын өкмөттүк маалымат каражаттары баяндаган болчу.