Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Кыргызстандагы Иран элчилигинин алдында нааразылык акция өттү


Иш-чараны кыргызстандык айрым укук короочу бейөкмөт уюмдардын 3-4 өкүлү уюштурду. Алар Ирандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразыланып көчөгө чыккан элге каршы күч колдонгон өлкө бийлигинин аракеттерин айыпташты. Колдоруна “Дүйнөдөгү таза шайлоо үчүн”, “ Кимди шайлай турганын эл өзү чечет”, “Иран эли өз тандоосуна татыктуу” деген жазууларды кармап турушту. Акцияга чыккандар чогулаар замат элчиликти кайтарган милиция кызматкерлеринин тобунун жетекчиси Арстанбек Тургунбаев келип, бүгүн иш күн болбогондуктан элчиликте эч ким жок экенин, ошондуктан тарап кетүүсүн өтүндү. Чогулгандар кайрылуусун А. Тургунбаевге тапшырып тарап кетишти. Иранда президенттик шайлоо 12-июнда өткөн, анда азыркы өлкө башчысы Махмуд Ахмединежад жеңип чыккан. Шайлоонун жыйынтыгына нааразылынган он миңдеген адамдар көчөгө чыккан. Полиция менен элдин кагылышынан адамдар өлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG