Бул тууралуу Акыйкатчы институнун алдындагы укук коргоочулар кеңеши билдирди. Кеңеш тараткан билдирүүгө ылайык, Ноокат окуясы боюнча айыпталып абакта отургандардын айрымдарын 23-июнда кызматтагы адамдар өлкө башчысынан кечирим суроо тууралуу алдын ала даярдалган катка кол коюну талап кылышкан. Укук коргоочулар бул көрүнүштөргө тынчсыздануу билдирип, президент Баш мыйзамдын кепили катары алдын ала даярдалган документтер болбосо деле ырайым берген ыйгарым укуктары бар экенин айтышты. Абактардын жетекчилери айыпталуучуларды мындай кат жазууга мажбурлабашы керектигин, бул авторитардык өлкөлөрдүн тажрыйбасы экенин баса белгилешти. Ош шаарынын мэриясы президенттин атына жазылган ырайым катты кароого ыйгарым укугу жоктугу, анан калса мэр жана анын орун басары президенттин алдындагы ырайым берүү боюнча комиссиясынын мүчөлөрү эместигин билдиришти. Ошто жергиликтүү бийлик мындай ырайым каттардын жазылышы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Былтыр Орозо айтта майрамдык намазды борбордук аянтта өткөрүүгө уруксат бербегендиги үчүн акимичиликтин имаратын ташбараңга алды, деп айыпталып отуздан ашуун киши камакка алынган. Алардын арасында өспүрүмдөр, аялдар да бар. (EBM)