Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Өзгөндөгү атышууда үч жоочу өлтүрүлдү


Маалыматтарга караганда, Өзгөн районундагы Кош-Коргон айылында бүгүн кечки саат жетилер чамасында белгисиз куралчан топ менен Кыргызстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда атышуу башталган. Эки бронетранпортер жана бир канча унаалар менен келген атайын даярдыктагы жоокерлер Кошкоркондук бир тургундун үйүн курчоого алган.

“Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Жанарбек Акаевдин өз булактарына таянып билдиргенине караганда, азырынча куралчан топ кимдер экени тактала элек. Бирок атайын кызматтар аларды төрт күн мурда Жалал-Абадда жок кылынган куралчан топко окшоштурууда.

Ошол эле учурда Өзгөн райондук милиция бөлүмүнүн башчысы Курсант Асанов бул атышууда куралчан топтун үч өкүлү өлтүрүлгөнүн, азырынча андан башка маалымат бере албастыгын “Азаттыкка” билдирди. Атышуу ушул мүнөттөрдө да уланууда. (SM)

XS
SM
MD
LG