Президенттикке талапкер Темир Сариев учурда Нарын облусундагы шайлоочулар менен жолугушуп жүрөт. Кочкор районунда жана Нарын шаарында болгон талапкер бүгүн Ат-Башы районунун шайлоочулары менен жолугушту. “Ак шумкар” партиясынын саясий кенешинин мүчөсү Уланбек Карыповдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, талапкер Темир Сариевдин кийинки планында Ош, Жалал-Абад, Талас облустарын кыдыруу турат.
Ал эми президенттикке талапкер жана учурдагы президент Курманбек Бакиев Чүй облусундагы шайлоочулар менен жолугушту.
Дагы бир талапкер Алмазбек Атамбаев болсо Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча үгүт сапарын аяктап, эми өлкөнүн түндүк аймагындагы шайлоочулар менен жолугушууга даярданууда.
Президенттикке талапкерлер Жеңишбек Назаралиев, Токтайым Үмөталиева, Нурлан Мотуевдердин азырынча өлкө боюнча кеңири үгүт иштерине чыгышканы байкала элек. (IJz)