Шимон Перестин кеңсесинен сапардын максаты стратегиялык жана экономикалык алакаларды бекемдөө экендигин билдиришти. Төрт күн ичинде Перес азери жана казак жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзөт. Ал ошондой эле 1-июлда Казакстанда диндер аралык конференцияда мусулман жана араб мамлекеттеринин өкүлдөрүнө сөз сүйлөйт.