28-июнду юристтер күнү катары белгилөө чечими 1993-жылы 24-июнда өкмөттүн номур 272-токтомуна ылайык чыккан. Бул күндүн белгилене башташына Юристтер ассоциациясынын да салымы чоң. Учурда бул ассоциацияга өлкө боюнча жүздөгөн адвокаттар мүчө. Башка профессионалдык майрамдар сыяктуу эле бул күнү эң мыкты юристтер мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлөт. (IJz)