Швейцариялык Бертран Пиккард (Bertrand Piccard ) ойлоп тапкан учак долбоору (HB-SIA) Күндүн нурунан кубат алат. Болочокто Жерди айлануу үчүн колдонулушу күтүлгөн бул учактын көлөмү лөк учактай чоң, бирок салмагы - жеңил машинадан оор эмес. Пиккард бул долбоору аркылуу күндүн нуру, шамалдын күчү сыяктуу кубаттын (энергиянын) бүтпөс булагынын келечегине көпчүлүктүн көңүлүн бурдурууну көздөп жатат.